Your trial period has ended!
For full access to functionality, please pay for a premium subscription
Channel age
Created
Language
Kyrgyz
-
ER (week)
20.21%
ERR (week)

ОШО...БИЛИП ЖАША!

Messages Statistics
Reposts and citations
Publication networks
Satellites
Contacts
History
Top categories
Main categories of messages will appear here.
Top mentions
The most frequent mentions of people, organizations and places appear here.
Found 419 results
KG
OSHO
2 002 subscribers
123
04/22/2025, 07:42
t.me/kgosho/1582
KG
OSHO
2 002 subscribers
161
04/22/2025, 07:22
t.me/kgosho/1580
KG
OSHO
2 002 subscribers
478
Мектептин кабинетин менчиктештирип... УКМК иш козгоду



Бишкектеги № 67 мектептин 11 кабинети мыйзамсыз менчиктештирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук прокуратурасы билим берүү мекемелеринде мыйзамдардын аткарылышын текшерип, жыйынтыгында №67 орто мектептин аймагындагы жалпы аянты 751,2 чарчы метрди түзгөн 11 кабинет жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталды.

Бул факт боюнча 2025-жылдын 10-апрелинде райондук прокуратура тарабынан менчик укугун жараксыз деп табуу тууралуу доо арыз Свердлов райондук сотуна келтирилип, учурда иш кароо стадиясында.

Белгилей кетсек, аталган факты боюнча УКМКнын Бишкек шаардык башкы башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аталган иштин жагдайы Башкы прокуратура тарабынан көзөмөлгө алынды.




@kgosho Билип жаша!
04/21/2025, 13:29
t.me/kgosho/1578
KG
OSHO
2 002 subscribers
164
Быйыл акыркы коңгуроо салтанаты качан болору айтылды


Быйыл балдар 23-майда кадимкидей сабак окуп, мектеп менен коштошуу салтанатын 26-май, дүйшөмбүдө белгилешет. Мындай маалыматты министрлик таратты.

Маалыматта райондук жана шаардык билим берүү департаменттеринин жооптуу кызматкерлери күнү-түнү нөөмөттө турушары айтылган. Ошондой эле салтанат өткөрүү үчүн акча чогултууга тыюу салынат.


Муну менен катар тез күйүүчү, травматикалык фейерверктер, ден соолукка коркунуч келтирген техникалык жабдуулар, экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга болбой турганы эскертилди.





@kgosho Билип жаша!
04/21/2025, 13:25
t.me/kgosho/1577
KG
OSHO
2 002 subscribers
171
2025-2026-окуу жылында 6800 мугалим жетишпейт. Россиядан орус тилдүү мектептерге мугалимдер келиши күтүлүүдө



Жаңы окуу жылында республика боюнча 6800 мугалим жетишпейт. Министрлик учурда "Наристе" программасы боюнча 3000 мугалим сабак берерин айтты.

Ал эми ЖОЖдордун 2100 бүтүрүүчүсү жана орто кесиптик окуу жайлардын 6061 бүтүрүүчүсүнүн жумушка алынышы күтүлүүдө.


Мындан сырткары орус тилдүү мектептерде мугалимдердин таңсыктыгын жоюу үчүн Россиядан мугалимдер келет.

Учурда 105 мугалим бул программа менен келип иштеп жатышат, деп айтылат маалыматта.





@kgosho Билип жаша!
04/21/2025, 13:19
t.me/kgosho/1576
KG
OSHO
2 002 subscribers
215
ЖОЖдорго сырттан окууга убактылуу тыюу салуу сунушталууда




Мамлекеттик системаны бюрократизациялоо боюнча ведомстволор аралык комиссия мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жогорулатууга багытталган жана иштелип чыккан реформалардын экинчи пакетин жарыялады.

Юстиция министрлигинен билдиришкендей, талкууга коюлган чечимдер негизгиси бир катар багыттар/адистиктер боюнча сырттан окууга убактылуу мораторий киргизүү сунушу болду.

Атап айтканда, төмөнкү багыттар боюнча сырттан окууга кабыл алууну токтотуу сунушталууда.

юриспруденция;
экономика;
менеджмент;
эл аралык мамилелер.
Демилге бул багыттар боюнча адистерди даярдоодо билим сапатын жогорулатуу жана академиялык стандарттарды кыскартуу менен байланышкан тобокелдиктерди жоюу үчүн көтөрүлүүдө. Аталган бөлүмдөрдө сырттан окугандардын саны көп экени аныкталган.


Сунушталып жаткан мораторий убактылуу болуп саналат жана окуу процессинин сапатына, бүтүрүүчүлөрдүн даярдоо деңгээлине комплекстүү баа берүү аяктаганга чейин чейин күчүндө болот.





@kgosho Билип жаша!
04/21/2025, 13:07
t.me/kgosho/1575
KG
OSHO
2 002 subscribers
548
Кыргызстандын негизги инвесторлору кимдер?

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга келген чет элдик инвестициянын көлөмү 872 миллион 631,3 миң долларды түздү.

2024-жылы чет элдик инвесторлор жалпы финансылык кирешелердин 80%га жакынын түздү. Өлкөлөр боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй: Кытай – инвестициянын 23,9%,
Россия – 22,7%,
Түркия – 10,2%,
Люксембург – 8,8%,
Казакстан – 5,7%,
Нидерланды – 4,9%,
Азербайжан – 3,4%,
башка өлкөлөр – 20,4%.

2023-жылдын жыйынтыгы боюнча инвестициянын көлөмү 844 миллион 895,7 миң долларды түздү. 2023-жылга салыштырмалуу инвестициянын агымы Азербайжан, Люксембург, Германия, Түркия, Нидерландия жана Россиядан өстү. Ошол эле учурда Улуу Британиядан, БАЭден, Казакстандан жана Кытайдан келүү азайган.

2023-2024-жылдары республиканын экономикасына кирген тике чет өлкөлүк инвестициялардын дээрлик бардык көлөмү Бишкек шаарынын, Жалал-Абад, Чүй жана Талас облустарындагы ишканаларга багытталган.





@kgosho Билип жаша!
04/20/2025, 18:10
t.me/kgosho/1574
KG
OSHO
2 002 subscribers
186
Беларусь Республикасында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан кыргызстандык жоокерлер эскерилди




Беларусь Республикасынын Витебск облусунун Бешенковичи районунда Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилиги Беларусь Республикасынын Токой чарба министрлиги, Беларусь Республикасынын Коргоо министрлиги жана Бешенковичи райондук аткаруу комитети менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына жана Белоруссияда курман болгон кыргызстандыктардын элесине арналган иш-чара өткөрдү.

Кыргызстандын Советтер Союзунун Баатыры Жумаш Асаналиевдин сөөгү коюлган массалык көрүстөндүн жериндеги мемориалдык комплексте Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрбол Султанбаевдин, Токой чарба министринин биринчи орун басары Александров Галенкочунин, Беларусь округунун Токой чарба министринин биринчи орун басары Галенко Драгуншинин, Беларусь райондук комитетинин төрагасынын катышуусунда жыйын-реквием болуп өттү. Иш-чарага Беларусь Республикасынын Улуттук Жыйынынын депутаттары, ЕАЭБ сотунун судьялары жана кызматкерлери, Бешенковичи районунун активисттери жана жашоочулары катышты.

Элчи Эрбол Султанбаев өз сөзүндө Беларусту фашисттик баскынчылардан бошотууда 30 миңдей кыргызстандык өз өмүрүн кыйганын белгилеп, кыргыз жоокерлеринин элесин сактап калган беларус элине ыраазычылык билдирди.

Митингдин катышуучулары бейитке гүл коюп, мемориалдык комплекстин жанына Жеңиштин 80 жылдыгына жана Белоруссияны бошотуу үчүн салгылашкан кыргызстандык жоокерлердин элесине арнап бак отургузушту, ошондой эле мемориалдык такта орнотулду.





@kgosho Билип жаша!
04/20/2025, 18:03
t.me/kgosho/1573
KG
OSHO
2 002 subscribers
701
УКМК активист Тилекмат Курөңов кармалганын жарыялады


“2025-жылдын 19-апрелинде КР УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, 2025-жылдын 19-апрелинде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден кармалып, КРге жеткирилди”,- деп айтылат маалыматта.



@kgosho Билип жаша!
04/19/2025, 18:10
t.me/kgosho/1572
KG
OSHO
2 002 subscribers
701
04/19/2025, 18:10
t.me/kgosho/1571
KG
OSHO
2 002 subscribers
429
Адам аттарын кыргызчалап жазуу мыйзамын президент артка кайтарды. Депутаттарга кайра иштеп чыгуу сунушталды.



ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Мирлан Самыйкожо жана башка депутаттар тобу авторлук кылып, адам аты-жөнүн документтерге “кыргызчалап” жазуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап, ал 3 окуудан өтүп, президентке жөнөтүлгөн болчу.

Бирок Садыр Жапаров кол коюудан баш тартып, мыйзамды кайрап иштеп чыгууга артка кайтарды.

Өлкө башчысына мисалы: Бактыбектеги Үсөн деген вариант жаккан эмес.

Мыйзам долбоору тууралуу кененирээк бул жерден окусаңыз болот.



@kgosho Билип жаша!
04/19/2025, 16:51
t.me/kgosho/1570
KG
OSHO
2 002 subscribers
754
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Санкт-Петербург шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди





Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Санкт-Петербург шаарындагы “Мекен – эне”монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.

Ал Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери менен бирге Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерип, Ленинград шаарын коргоого катышкан кыргызстандык жоокерлерге арналган эскерүү тактасына да гүл койду.

Кошумчалай кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы Таврия сарайында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 58-пленардык жыйыны өтөт.

Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары күтүлүүдө.





@kgosho Билип жаша!
04/18/2025, 12:56
t.me/kgosho/1569
KG
OSHO
2 002 subscribers
424
Терезеге сүрөт тартып, акциянын катышуучусу бол! "Русский дом" кыргызстандыктарды Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата уюштурулган конкурскакцияга чакырат



Акциянын эрежеси боюнча Жеңиштин 80 жылдыгын чагылдырган сүрөттү терезеге тартуу керек. Тартылган сүрөттү фотого түшүрүп, #окнапобедыкыргызстан #волонтерыпобедыкыргызстан хештектери менен социалдык тармактардагы баракчаңызга жүктөңүз.


Сүрөттөрдү үйдүн, дүкөндүн, окуу жайлардын же башка мекемелердин терезесине тартса болот. Уюштуруучулар гуаш, аквврель сыяктуу коопсуз боекторду колдонууга чакырат.

Сүрөт тарта албагандар трафареттерди колдонсо болот. Акцияга жаш курагына же башка өзгөчөлүктөрүнө карап чектөө кюолбайт.

Аталган иш чара Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына өткөрүлүп, эл аралык макамга ээ.





@kgosho Билип жаша!
04/18/2025, 11:51
t.me/kgosho/1568
KG
OSHO
2 002 subscribers
436
" 12 жылдыктын алкагында башталгыч класстын жаңы мугалимдерине төлөнчү айлык бюджеттен каралган эмес". Министрлик жаңы келчү педагогдорго эмгек акы берүү булагын издөөдө



ЖКтин жыйынында депутат Исхак Масалиев 12 жылдык окуу системасына өтүү үчүн башталгыч класстарды окутууга алына турган 3000 мугалимге айлык акы кайсыл жактан төлөнүп берерине кызыкты.



"Мен депутат катары айтып коеюн, биз бюджетти бекиткенде бул багытта каражат каралган эмес.
Демек силер жаңы алынып жаткан мугалимдерге башка булактан акча табасыңар да?", -деди ал.

Министр Догдургүл Кендирбаева ички булактардан алынарын айтты. Депутат суроосуна так жооп алууну каалап, кайталап сураганда министр айым өлкөнүн педагогикалык ишмердүүлүгүндө оптимизациялоо жүрүп, андан түшкөн каражат жаңы келчү мугалимдерге эмгек акы болуп төлөнөрүн билдирди.

Жөнөкөй тил менен айтканда бул башка предмет мугалимдеринин айлыктары кыскарып, жаңы келчү башталгыч класстын мугалимдерине которулат деген сөз.

Кендибраеванын айтымында азыр мугалимдердин орточо айлык акысы 25 490 сом.

Бирок бул сумма кагаз жүзүндөгүсүбү же мугалимдин колуна алган айлыгыбы буга жоопту биз коментарийлерде сиздерден күтөбүз.

Эске салсак, быйыл 12 жылдык окуу системасынын алкагында 6800 башталгыч класс болот. Демек ушунча мугалим керектелет. Алардын 3900у жаңы алынчу мугалимдер. Алардын айлыгына бир жылга 1,3 млрд сом керектелет.







@kgosho Билип жаша!
04/18/2025, 10:11
t.me/kgosho/1567
KG
OSHO
2 002 subscribers
524
Россия, кыргызстандагы 1-2-5- жана 7-класстын окуучуларын орус тили китептери менен камсыздайт


Россия Федерациясы КРдин Билим берүү министрлигин 1, 2, 5- жана 7-класстын окуучулары үчүн чыгарылган орус тили китептери менен камсыздайт. Мындай маалыматты министрлик таратты.

Мындан сырткары министрлик 740 миллион сомго 2,5 миллион даана окуу китептерин сатып алат.

Анын айтымында, 3-9-класстар үчүн англис тили, 1, 2, 5, 7, 8-класстар үчүн табият таануу китептери, 1, 2, 5, 7, 8-класстар үчүн математика китептери сатылып алынат.




@kgosho Билип жаша!
04/17/2025, 14:27
t.me/kgosho/1566
KG
OSHO
2 002 subscribers
242
Быйыл январь-февраль айларында Россиядан Кыргызстанга келген бензин көбөйгөн

2025-жылдын январь-февраль айларында Кыргызстанга 73 миллион 300 миң долларга 170,2 миң тоннадан ашык автобензин импорттолду, деп жазат 24kg сайты.

Маалым болгондой, күйүүчү майдын негизги көлөмү Россиядан ташылып келинген — 168,7 миң тонна. Ошондой эле аз өлчөмдөгү бензин Казакстандан (776,4 тонна) жана Беларустан (745 тонна) жеткирилген.

Өткөн жылдын ушул мезгилине карата күйүүчү майдын импортунун көлөмү 118,3 миң тоннаны түзүп, Россиядан гана ташылып келген.





@kgosho Билип жаша!
04/17/2025, 14:23
t.me/kgosho/1565
KG
OSHO
2 002 subscribers
228
Эми кыргызстандыктар Россия-Беларусь чек арасынан тоскоолдуксуз өтө алышат



Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер – Армения, Казакстан жана Кыргызстандын жарандарынын Россия-Беларусь чек арасынан өтүүсүнө коюлган чектөөгө байланыштуу тоскоолдуктар жоюлду. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдирди.

Бул 2025-жылдын 11-январында Россия Федерациясы менен Беларусь Республикасынын өкмөттөрүнүн ортосундагы визаларды өз ара таануу жана чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын ЕАЭБ аймагына кирүүсүнө байланышкан башка маселелер боюнча макулдашуунун күчүнө киришинен улам мүмкүн болгону белгиленген.

"Россия жана Беларусь комиссияга Армениянын, Казакстандын жана Кыргызстандын жарандары учурда Россия менен Белоруссияга колдонулган эл аралык темир жол жана аба каттамдары, ошондой эле аталган макулдашуунун тиркемесинде саналып өткөн автомобиль каттамдары аркылуу кирүүгө жана чыгууга практикалык мүмкүнчүлүктөрү бар экендигин маалымдашты", - деп белгиледи ЕЭК.




@kgosho Билип жаша!
04/17/2025, 14:19
t.me/kgosho/1564
KG
OSHO
2 002 subscribers
247
"Мамлекеттик тилди билбегендер айып төлөйт". Депутат Дастан Бекешов мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр боюнча айтты


Анын айтымында, өзгөртүүлөр колдонуудагы мыйзамдарды "Мамлекеттик тил жөнүндө" конституциялык мыйзамга ылайык келтирүүгө багытталган. Сунуштарда адистердин кеңири чөйрөсү үчүн милдеттүү түрдө кыргыз тилин билүү камтылган:

жергиликтуу Кеңештин депутаттары;
нотариустар;
юристтер;
судьялар;
прокурорлор;
тергөөчүлөр жана башкалар.
Тилди билүү деңгээлин министрлер кабинети аныктап, контролдук курал катары Кыргызтестти колдонуу сунушталууда. Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоорунда мамлекеттик тил мыйзамдарын сактабагандык үчүн айып пул салуу боюнча норма бар. Бирок айып пулду колдонуунун конкреттүү механизми иштелип чыга элек.

"Мен тилди билүүнү айып пул аркылуу сиңирүүнү таптакыр каалабайт элем. Бул маанисиз жана кыжырды келтирет. "Адамдар тилди мотивация жана сүйүү менен үйрөнсө жакшы болмок", - деди депутат.
Бекешев чечимдерди кабыл алууда маселенин курчтугун эске алып, кыргыз тилин өнүктүрүүнүн натыйжалуу жана гумандуу жолдорун издөөгө чакырды.






@kgosho Билип жаша!
04/17/2025, 14:14
t.me/kgosho/1563
KG
OSHO
2 002 subscribers
614
"Москвада кыргызстандыктардын кармалышы боюнча болгон окуя мыйзам чегинде чечилип, кырдаал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы бекем достукка доо кетирбейт". Мамлекеттик Думанын депутаты окуя боюнча пикирин билдирди


РФнын Мамдумасынын депутаты Алена Аршинова Москва шаарындагы мончодо болгон окуя боюнча жеке пикирин билдирди. Эл өкүлү кээ бир жагдайлар Россия менен Кыргызстан элинин мамилесин эч качан бузбашы керек, деп эсептейт.

Ал Евразия өкмөттүк эмес уюмунун "Салттуу баалуулуктардын аймагы" аттуу флагманы долбооруна Кыргызстан биринчилерден болуп кошулганын эске алып, биргелешип жаштарды тарбиялоого, мектептерге жардам берүүгө жана тарыхый чындыкты сактоого багытталган чоң масштабдуу билим берүүчү, патриоттук долбоорлорду ишке ашыруудабыз, деп жазган.

Ал жогорудагы окуя мыйзам чегинде чечилип, эки өлкөнүн мамилесине терс таасирин тийгизбейт деген ишеничин айткан.






@kgosho Билип жаша!
04/16/2025, 15:16
t.me/kgosho/1562
KG
OSHO
2 002 subscribers
511
Калкты тейлөө борборлору (ЦОН) 1-майдан 12-майга чейин иштебейт



12-майдан тартып ишин кадимки тартипте улантышат. Тагыраагы, саат 9:00дөн 18:00гө чейин иш, түштөнүү тыныгуусу 12:30дан 13:30га чейин болот. Андыктан окурмандарыбызды Калкты тейлөө жайларында ишиңиздер болсо апрель ичи бүтүрүп алууга чакырабыз.


@kgosho Билип жаша!
04/16/2025, 15:10
t.me/kgosho/1561
KG
OSHO
2 002 subscribers
492
Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтөт

Кийинки парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтөт.Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Депутат Дастан Бекешев Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Тынчтык Шайназаровдон Жогорку Кеңешке шайлоо күнүн дагы мыйзамда президенттик шайлоонун күнүндөй так көрсөтүүнү суранды.

Белгилей кетсек, кыргыз парламенти 90 депутаттан турат жана беш жылдык мөөнөткө шайланат. Жогорку Кеңешке шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өтүп, 7-чакырылышы 29-декабрда ишин баштаган.





@kgosho Билип жаша!
04/16/2025, 15:04
t.me/kgosho/1560
KG
OSHO
2 002 subscribers
421
04/16/2025, 15:00
t.me/kgosho/1559
KG
OSHO
2 002 subscribers
377
Жогорку Кеңештин төрагасы жана депутаттары Санкт-Петербургга учуп кетишти

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу иш сапары менен Санкт-Петербургга учуп кетти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Спикер КМШга мүчө мамлекеттердин Парламенттер аралык ассамблеясынын 58-пленардык жыйынына катышат.

Ал ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган КМШ ПААнын салтанаттуу жыйынында сөз сүйлөйт.

Спикер баштаган парламенттик делегациянын курамында депутаттар Бактыбек Сыдыков, Арсланбек Малиев, Бактияр Калпаев жана Карим Ханжеза бар.




@kgosho Билип жаша!
04/16/2025, 14:53
t.me/kgosho/1558
KG
OSHO
2 002 subscribers
467
04/16/2025, 14:32
t.me/kgosho/1557
KG
OSHO
2 002 subscribers
562
Россия куруп бере турган 9 мектептин курулуучу жерлери аныкталды



Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиевдин жетекчилиги астында өткөн республикалык штабдын жыйынында Россия Кыргызстанга мектептерди куруп бере турган келишимдин аткарылышынын жүрүшү кеңири талкууланган.

Буга чейин 2025-жылга республикалык бюджеттен тышкы инженердик тармактарды курууга жана жер тилкелерин даярдоого каражат бөлүнгөн.

Данияр Амангелдиев долбоорду ишке ашыруу президент менен министрлер кабинетинин төрагасынын көзөмөлүндө экенин, андыктан бардык иштер өз мөөнөтүндө бүткөрүлүшү керектигин эскертти.



Эске сала кетсек, 2024-жылдын октябрында Жогорку Кеңеш орус тилдүү 9 мектепти курууга грант берүү боюнча Россия менен келишимди ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырган.

Алар типтүү долбоор боюнча 1224 балага ылайыкташып курулат. Долбоор Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан ишке ашырылат.





@kgosho Билип жаша!
04/15/2025, 15:10
t.me/kgosho/1556
KG
OSHO
2 002 subscribers
225
Кыргызстанда кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт.




Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Комитет “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун үч окууда жактырды. Демилгечи мамлекет башчысы.

Мыйзам долбоору мыйзамдын 48-беренесинин 1-бөлүгүнүн жоболорун Конституцияга ылайык келтирүү жана Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоонун мөөнөтүн тактоо максатында иштелип чыккан.

Өзгөртүүлөргө ылайык, кезектеги президенттик шайлоо ал шайланган президенттин ыйгарым укуктары аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү жекшембисинде өткөрүлөт жана Жогорку Кеңеш тарабынан шайлоо күнүнө төрт ай калгандан кечиктирилбестен дайындалат.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2021-жылдын 28-январында алты жылга (эски Конституция боюнча) Кыргызстандын президенти болуп шайланган.







@kgosho Билип жаша!
04/15/2025, 15:07
t.me/kgosho/1555
KG
OSHO
2 002 subscribers
214
Кыргызстандын паспорту дүйнөдө 79-орунга чыкты



Visa Index 2025 өлкө паспортунун рейтингине ылайык, Кыргызстан 107 өлкөнүн ичинен 79-орунду ээледи.

Анда Кыргыз Республикасынын жарандары 27 мамлекетке визасыз бара алышары, 35 мамлекетке кирип виза ала алышары, бир мамлекетке кирүүгө электрондук уруксат ала алышары, 40 мамлекетте eVisa ала алышары жана 126 мамлекетте виза алуу үчүн алдын ала кайрыла алышары айтылган.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Кыргызстан 63-орунду ээлеп Казакстандан кийинки орунда алган. Казакстан Республикасынын жарандары 44 мамлекетке визасыз бара алышат жана 36 мамлекетке келгенде виза ала алышат.

Ошого карабастан, Кыргыз Республикасы Борбордук Азиянын башка өлкөлөрүнөн озуп кетти:

Өзбекстан — 80-орун (визасы жок 28 өлкө, 33 — келүү боюнча);

Тажикстан — 84-орун (визасы жок 23 өлкө, 33 өлкөгө келгенде);

Түркмөнстан — 92-орун (визасы жок 14 өлкө, 33 өлкөгө киргенде).






@kgosho Билип жаша!
04/15/2025, 15:03
t.me/kgosho/1554
KG
OSHO
2 002 subscribers
223
Кыргызстандын хоккей курамасы дүйнө чемпионатына катышат



Хоккей боюнча дүйнө чемпионатында Кыргызстандын курама командасы «А» тайпасында үчүнчү күчтүү дивизиондо күч сынашат.Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерация социалдык тармактарда билдирди.

Турнир 21-27-апрель күндөрү Стамбулда өтөт.

Кыргызстандын курама командасы Босния жана Герцеговина, Түштүк Африка, Люксембург, Түркмөнстан жана Түркиянын командалары менен беттешет.


Жеңген команда экинчи дивизионго (Б) тобуна жолдомо алат.


@kgosho Билип жаша!
04/15/2025, 14:58
t.me/kgosho/1553
KG
OSHO
2 002 subscribers
211
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия Улуттук агенттик болуп өзгөрдү



Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттикти түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жаңы агенттик Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын негизинде түзүлдү.

Документке ылайык, агенттикке мурда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин карамагында болгон этностор аралык мамилелер тармагындагы функциялар берилет. Алар менен катар 14 штаттык бирдик, ошондой эле тиешелүү финансылык жана материалдык-техникалык ресурстар которулууда.

Кайра түзүү дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугун жогорулатууга жана улуттар аралык ынтымакты чыңдоого багытталган.

Жарлык бүгүнтөн тарта күчүнө кирет.





@kgosho Билип жаша!
04/15/2025, 14:55
t.me/kgosho/1552
KG
OSHO
2 002 subscribers
240
"Өчпөс полк" 9-майда аймактарда да өтөт


Улуу Ата Мекендик согуштун Же\ишинин 80 жылдыгынын урматына "Өчпөс полк" уюштурулат. Жылдагыдай эле акция аймактарда да өтөт.

Эске салсак, Улуу Же\иштин 80 жылдыгына карата уюштурулуп жаткан парад 8- майда өторү кабарланган. Ошого жараша коомчулукта "Өчпөс полк" качан болот, деген суроо пайда болгон.

Уюштуруучулар параддан башка бардык элдик оюн-зооктор жылдагыдай эле 9-майда өтөрүн айтышты.





@kgosho Билип жаша!
04/15/2025, 14:52
t.me/kgosho/1550
KG
OSHO
2 002 subscribers
619
Эми 5-6-7-8-класстарга министрлик мамлекеттик тилди билүү боюнча экзамен өткөрөт



ЖКда Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 5-6-7-8-класстар мындан ары класстан класска ктороуларда кыргыз тили боюнча сынак тапшырышарын айтты.


Министрдин орун басарынын билдиришинче сынактын суроолору жыл башында сайтка илинет, окуучулар окуу жылынын соңуна чейин даярданып алышса болот.

Депутат Аида Исатбек кызы мындай учурда сынактан өтпөй калган окуучулардын андан кийинкисине кызыгып, айрым мугалимдер бул котормо сынагынан өтпөй калган баланы класстан, класска көчүрбөй коюшарын айтып, окуучуларды сестентерин кошумчалады.

Надира Жусупбекова бул класстан, класска көчүрүүчү сынак эмес экендигин, баа коюлбастынын билдирип, жөн гана балдардын мамлекеттик тилди билүү дараметин баалап, аларга кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыгуусун арттыруучу кадам катары уюштурулуп жатканын айтты.






@kgosho Билип жаша!
04/14/2025, 12:55
t.me/kgosho/1549
KG
OSHO
2 002 subscribers
356
04/14/2025, 12:48
t.me/kgosho/1548
KG
OSHO
2 002 subscribers
307
Президенттик шайлоону октябрда эмес январда өткөрүү сунушталды



Президенттин админстрациясы 2021-жылы январь айында өткөн шайлоону мисал келтирип, мындан ары президенттик шайлоону октябрда эмес, январда өткөрүүнү сунуштады.

Буга чейин президенттик шайлоо октябрдын үчүнчү жекшембисинде өтүп келген. Анткени Конституцияда ушинтип көрсөтүлгөн.





@kgosho Билип жаша!
04/14/2025, 12:42
t.me/kgosho/1547
KG
OSHO
2 002 subscribers
318
🇰🇬🇷🇺КР Тышкы иштер министрлиги РФга расмий нота жөнөттү



Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясынын өлкөдөгү элчиси Сергей Вакуновду чакырып, 11-апрелде Москвада мончодо болгон окуяга байланыштуу расмий нота тапшырганын кабарлайт.

Анда кыргызстандыктардын массалык түрдө кармалуусу боюнча түшүндүрмө берүү өтүнүчү жазылган. Ошондой эле күч органдары тарабынан жасалган орой мамиле, жүргүзүлгөн операциянын чоо-жайы суралган.

ТИМдин орун басары Алмаз Имангазиев РФ элчиси Сергей Вакунов менен жолугушууда кыргызстандыктардын укугун коргоо жана союздаш эки өлкөнүн ортосунда мындай окуялар менен мамилесин бузбоого чакырган.






@kgosho Билип ж
аша!
04/14/2025, 12:33
t.me/kgosho/1546
KG
OSHO
2 002 subscribers
351
🇹🇯Тажикстанда кайталанган жер титирөөлөрдөн бир бала каза таап, 94 турак-жай талкаланган


Кечээ, 13-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 9:24тө Тажикстандын аймагында магнитудасы 5-6га жеткен биринчи жер титирөө катталган. Экинчи жер титирөө саат 12:14тө болуп, күчү 4кө жеткен. Үчүнчүсү 13:33тө катталып, магнитудасы 3кө чыккан.

Аталган зилзаладан Рашт районунда кыйраган үйлөрдүн саны 94кө жеткенин өлкөнүн ӨКМи билдирди. Мындан сырткары 200дөй коомдук имараттар талкаланган. Алардын ичинде медициналык пунктулар, мектептер жана чайхана бар.

Ошондой эле 3 жашар баланы дубал басып калып көз жумган.

Тажикстанда бүгүн да жер титирөө орун алды. Таңкы саат 05:44тө Душанбеден 156 чакырым чыгыш тарапта дагы жер титиреп, очогунда күчү 3-4 магнитудага жеткен.






@kgosho Билип жаш
а!
04/14/2025, 12:22
t.me/kgosho/1545
KG
OSHO
2 002 subscribers
681
"Бул тилди коргоо эмес, бул тил ээлерин уят кылуу". Социалдык тармак колдонуучулары Айтилек Орозбековдун кылыгына нааразы болушту


"Мамлекеттик тилди коргоп жатам" деген шылтоо менен көрүнгөн мекемеге кирип, алардга орой мамиле жасап, мүлкүн бүлүндүрүп, иш убактысын алып жүргөн Айтилек Орозбековдун кылыгы активисттик эмес, бейбаштыкка өтүп баратат. Муну ла өзү жарылаган постторунда социалдык тармактын колдонуучулары да жазышууда.


"Мындай жүрүм-турум тилди коргоо эмес, коомдук тартипти бузуу жана өзүм билемдик аракети. Кээ бир учурларда, бул Кылмыш-жаза кодексинин беренелерине (мисалы, майда бейбаштык, мазактоо, уюмдардын мыйзамдуу ишмердүүлүгүнө тоскоолдук кылуу) камтышы мүмкүн", - дешет алар.


Албетте, кыргыз тили үчүн кам көрүү жакшы аракет. Бирок, кыргыздарды агрессивдүү, баарлашуу нормаларын билбеген, маданиятсыз көрсөтүүсү менен эмне ийгиликке жетишип жатат? Же мындай кылыгы атайын кыргыз тилдүү коомчулукту караңгы көрсөтүү максатында жасалуудабы?





@kgosho Билип жаша!
04/13/2025, 14:21
t.me/kgosho/1544
KG
OSHO
2 002 subscribers
647
Кыргыз–Санкт-Петербург өкмөт өкүлдөрү жолугуп Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата иш-чаралар боюнча сүйлөшүштү

Санкт-Петербург шаарында соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташтык боюнча Кыргыз–Санкт-Петербург өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиясынын XIII жыйыны өттү.

Жыйынга минкабдын төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Санкт-Петербург шаарынын тышкы байланыштар боюнча комитетинин төрагасы, Санкт-Петербург шаарынын өкмөтүнүн мүчөсү Евгений Григорьев төрагалык кылышкан.

Анда эки элдин экономикалык, маданий, гуманитардык байланыштарын чыңдоо, жасалып жаткан иштерди улантуудан сырткары Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу иш -чараларды биргеликте өткөрүү талкууланган.

Соңунда жыйынтыктоочу протоколго кол коюлуп, комиссиянын XIV отурумун Кыргызстанда өткөрүүгө макулдашышкан.





@kgosho Билип жаша!
04/13/2025, 13:09
t.me/kgosho/1543
KG
OSHO
2 002 subscribers
842
Өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урматына бактар отургузулду

"Эскерүү багы" акциясына Кыргызстан, Россия жана Азербайжан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү катышып, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларын эскеришти. Акция Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата өттү.



Аламүдүн районуна караштуу Кайырма айылындагы акцияга
Бишкектеги “Русский дом”, “Жеңиш ыктыярчылары” жана “Память народа - Эл эстейт” кыймылдары катышты деп жазат Sputnik Кыргызстан сайты.


Элетте ошондой эле Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Туулган жердин баатырларына” барельефи ачылды.

Буга чейин мындай иш чара Жалал-Абадда өткөн.




@kgosho Билип жаша!
04/12/2025, 15:15
t.me/kgosho/1542
KG
OSHO
2 002 subscribers
237
50 жашка чейинкилерге дүйшөмбү күндөн тартып маалым каттарды кагаз түрүндө берүүгө тыюу салынат

Үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинен тарта Бишкек жана Ош шаарларында маалым каттарды кагаз түрүндө берүү токтотулат. Эми жарандар бардык керектүү справкаларды “Түндүк” тиркемеси аркылуу алышат.

Мындай эрежеге төмөнкө категориядагы кыргызстандыктар кирбейт:

✅50 жаштан жогорку жарандар,

✅социалдык аялуу топтор,

✅чет өлкөдөгү мекендештер,

✅чет өлкөлүк жарандар.

Республиканын башка аймактарына ушул жылдын 1-майынан тарта кирет.

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Кадыралиев түшүндүргөндөй, бул иш-чара бюрократизмди жоюуга жана заманбап санариптик технологияларды колдонуу менен мамлекеттик кызматтарды алууну жөнөкөйлөштүрүүгө багытталган.

Жаңычылдык президенттин жеке көзөмөлүндө.



@kgosho Билип жаша!
04/12/2025, 15:03
t.me/kgosho/1541
KG
OSHO
2 002 subscribers
752
Жаңы гимнге келип түшкөн варианттардан татыктуулары табылган жок. Жаңы конкурс жарыяланат.


Мамлекеттик гимндин жаңы редакциясынын долбоорун тандоо боюнча комиссия кайталап сынак өткөрүү сунушун киргизүүнү чечти. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 9-10-апрелде өткөн комиссиянын жыйынында сунушталган долбоорлор ар тараптуу талдоого алынган. Бирок гимндин мазмундук жана көркөмдүк талаптарына толук жооп берген чыгарма табыла элек.

Буга байланыштуу өзгөртүүлөр менен кайталап сынак жарыялоо сунушун киргизүү чечими кабыл алынды. Ошентип, биринчи этапта гимнге жаңы текст тандоо, ал эми экинчи этапта бул текстке музыкалык чыгарма жаратууга сынак жарыялоо сунушталууда.

Ал эми экинчи сынакка мурунку сынактын авторлору да жаңы долбоору менен катыша алышат.


Эске салсак, гимнди өзгөртүү идеясын былтыр парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айтып, жаңы гимнди кабыл алуу зарылдыгын айтып, азыркы гимнди аткаруу кыйын экенин билдирген. Кийин бул идеяны президент да колдогон.

Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, 7-февралдан 20-мартка чейин 488 жарандан жалпысынан 703 сунуш түшүп, бардык документтер жана материалдар талаптарга ылайыктуулугу текшерилип, 165 жарандан 285 долбоор катталган.




@kgosho Билип жаша!
04/11/2025, 13:44
t.me/kgosho/1540
KG
OSHO
2 002 subscribers
444
“Бирге болсок, биз жеңилбейбиз”: Кыргызстанда Жеңиштин 80 жылдыгына карата “Эс тутум сабактары” долбоору ишке кирди

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде "Бириксек, биз жеңилбеспиз" деген ураандын алдында эскерүү күнүндө маанилүү иш-чара болуп өттү. Анда Жеңиштин 80 жылдыгына арналган "Эс тутум сабактары" аттуу масштабдуу долбоорду ишке ашыруу башталды. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, Коргоо министри, КМШ өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ЖОЖдордун жетекчилиги, студенттер жана коомдук уюмдардын жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү баш болгон жогорку даражалуу жетекчилер катышты.

“Эс тутум сабактары” долбоору “Ой Ордо эксперттик демилгелер борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңеши менен биргеликте заманбап билим берүү программаларында Улуу Ата Мекендик согуштун тарыхын окутуу сааттарынын кыскарышына байланыштуу демилгеленген. Жыл бою 1941-1945-жылдардагы орчундуу окуялардын тарыхый эс тутумун сактоого багытталган мамлекеттик кызматкерлердин, алдыңкы эксперттердин, тажрыйбалуу окутуучулардын жана коомдук уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда өлкөнүн жогорку окуу жайларында жана мектептеринде атайын сабактар ​​өткөрүлөт.

Коопсуздук кеңешинин катчысы өз сөзүндө Жеңиштин баасын баса белгиледи:
"27 миллион адам өлдү - бул биздин жоготууларыбыздын коркунучтуу статистикасы. Белгилей кетчү нерсе, бул маалыматтар 1980-жылдары гана ачыкка чыккан. Мурда өлкөнүн мобилизациялык потенциалын ачыкка чыгарбоо үчүн жашыруун сакталып келген".

Ал согуштун эң каргашалуу барактарына кеңири токтолду. 11 миллиондон ашык адам концлагерлерде курман болгон, Ленинград блокадасында күнүнө 125-200 грамм гана нан алган 860 миң адам, Ржевдин жанындагы 15 айга созулган кандуу салгылашууларда 1,5 миллион адам курман болгон.

Иманкулов Кыргызстандын жалпы Жеңишке кошкон салымына өзгөчө көңүл бурду:
"365-400 миң жараныбыз фронтко аттанып, республиканын калкынын саны 1,5 миллион гана адамды түздү! Бул Кыргызстандын ар бир алтынчы тургуну мекенди коргоого аттангандыгын билдирет. Алардын 160 миңи мекенине кайтпай калган. 74 баатыр Советтер Союзунун Баатыры наамын алса, 29у "Даңк" орденинин толук ээси болушкан".

Ал баса белгилегендей, эгерде фашисттердин пландары ишке ашса, анда катышкандардын көбү жөн эле тирүү калмак эмес, анткени фашисттер СССРдин калкынын басымдуу бөлүгүн жок кылууну пландаштырышкан.

Заманбап чакырыктарга кайрылып, Иманкулов нацисттик идеологиянын кайра жанданышына олуттуу тынчсыздануусун билдирди.
Фашизм кайра башын көтөрүп, биздин мурдагы мекендештерибиздин арасында, - деди ал.
Ал ядролук чыр-чатактын коркунучун эскертти.


Коопсуздук кеңешинин катчысы Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи.
«Заманбап шарттарда бир дагы өлкө бардык чакырыктарга өз алдынча туруштук бере албайт, ЖККУ биздин коопсуздуктун ишенимдүү гаранты катары иш алып барат.


Жыйынтыгында Иманкулов тынчтыктын баасы оңойго турбаганын эстеп, бул эстутумду келечек муундарга өткөрүп берүүгө чакырды.

Иш-чара Кыргызстандын коопсуз келечегин куруу үчүн тарыхый чындыкты сактоо жана өткөндүн сабактарын түшүнүү боюнча маанилүү кадам болуп калды. “Эс тутум сабактары” долбоору юбилейлик жыл бою өлкө аймагындагы билим берүү мекемелеринде ишин улантат.




@lgosho Билип жаша!
04/11/2025, 13:35
t.me/kgosho/1538
KG
OSHO
2 002 subscribers
435
Кыргызстанда туризмди илгерилетүү алкагында Уралдын туроператорлору үчүн инфотур өтүүдө


Үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинен 12-апрелине чейин Кыргызстан өнөктөш өлкө катары катышкан "Жай-2025" туристтик көргөзмөсүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында Свердлов, Тюмень жана Челябинск облустарынын алдыңкы туроператорлору үчүн инфотур өтүүдө.


Инфо-турдун негизги максаты - Кыргызстан менен Россия Федерациясынын Урал федералдык округунун аймактарынын ортосундагы туристтик байланыштарды чыңдоо, ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын Россиянын рыногунда жайылтуу.


Турдун алкагында катышуучулар Бишкек шаарына, Ысык-Көлдүн түндүк жана түштүк жээгине барышып, жаратылыштын кооз жерлери, туристтик инфраструктура, мейманканалар жана активдүү, ден соолукту чыңдоочу жайлар менен таанышат.


Сапардын жыйынтыгында биргелешкен туризм программаларын иштеп чыгуу жана Кыргызстанды 2025–2026-жылдардын жайкы жана кыш мезгилине карата россиялык туристтик компаниялардын каталогуна киргизүү пландалууда.




@kgosho Билип жаша!
04/11/2025, 12:09
t.me/kgosho/1537
KG
OSHO
2 002 subscribers
734
"Фейк фабрикасын жаап, андан соң гана жалган маалымат тараткан жарандар менен күрөшкүлө". Дастан Бекеешов мыйзам долбоорун сынга алды



Жогорку Кеңеште жалган маалымат тараткандыгы үчүн жеке адамдарга 20 000 сом, юридикалык жактарга 65 000 сом өлчөмүндө айып салуу сунушталган мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда депутат Дастан Бекешев жарандарды жоопкерчиликке тартуудан мурун жалган маалымат тараткан жана жалган аккаунттарды ачкан тролль фабрикасын жоюуну суранды.

Ал маалыматтын жалган же жалган эместигин кантип аныктай турганына кызыкты.

"Бишкектин мэри жол кеңейтилбей турганын айтты. Маалымат туура эмес болуп чыкты. Асман шаарын курушат деп айтышты. Бул маалымат азыр жалган болушу мүмкүн, бирок 30 жылдан кийин чын болуп калат. Казинодон бюджетке 1 миллиард киреше түшөөрүн айтышты, бирок 100 миллион гана пайда таптык. Матраимовду коррупционер деп аташты. Бирок ал убакыттан пайдаланып чыгып кетти. Бийлик алмашып, калп чындыкка айланды", - деди парламентарий.

Ал бул мыйзам жарандарга эле эмес, жалган маалымат тараткан аткаминерлерге да тиешелүү болушу керек деген оюн билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин Жогорку Кеңеш Кылмыш-жаза кодексине 109-беренени “Жалган (так эмес) маалымат таратуу” беренесин киргизүүнү сунуштаган өзгөртүүлөрдү биринчи окууда кабыл алган.






@kgosho Билип жаша!
04/10/2025, 14:58
t.me/kgosho/1536
KG
OSHO
2 002 subscribers
449
Британиялык компания Кыргызстанга 10 млн бак отургузуу үчүн акча бөлмөй болду


Англиялык Valor Carbon компаниясы Борбордук Азиядагы чоң долбоорду Кыргызстандан баштоону чечти. Бул тууралуу компаниянын өкүлдөрү минкаб башчысы Адылбек Касымалиев менен жолугушкан соң белгилүү болду.

Valor Carbon компаниясы "жашыл экономика" жаатындагы долбоорлорду каржылайт, деп жазылган өкмөттүн маалыматында. Кыргызстанга каражат кандай шартта берилип жатканы айтылган эмес. Британиялык компаниянын каражатына сатып алынган 10 млн көчөт Ысык-Көл болусуна отургузулат.

Англиялыктар адатка айланткан "үчүнчү өлкөлөргө" жасаган мамилеси бул жерде да "өз ордун таап" Кыргызстандын биосферасы сынамык өткөрүүчү жайга айланып калбаса болду. Анткени англиялык ишкерлер үчүн Ысык-Көлдүн кийинкиси анчалык деле маанилүү эмес да.

Себеби бул долбоорду ишке ашыруу менен Кыргызстан углероддук кредиттерди берген өлкөгө айланары айтылган. Углероддук кредит деген бул ар бир мамлекет Жер планетасында абаны булгап, канчалык бир көлөмдө зыяндуу газдарды чыгарууга уруксат алат. Андан ашып кеткен учурда башка өлкөлөрдөн сатып алат же айып төлөйт. Башка өлкөдөн сатып алат дегенибизде мисал үчүн Z деген өлкө адаттагыдан көп уулу газ чыгарган болсо, ал эми F мамлекети өзүнө бөлүнгөн көлөмдөн чыгарган уулуу затынын көлөмү аз болсо, Fтен ашып калган таза аба көлөмү, Zтин ашыкча булгаган абасы менен барабарлашат да, бул үчүн Z, Fке акча төлөшү зарыл болот.

Бардыгы ушул кагаз бетине жазылгандай эле кесепетсиз ишке ашышын тилек кылалы. Анткени бизде мекен бирөө!





@kgosho Билип жаша!
04/10/2025, 14:14
t.me/kgosho/1535
KG
OSHO
2 002 subscribers
545
04/10/2025, 09:02
t.me/kgosho/1534
KG
OSHO
2 002 subscribers
493
"Мен Анара эмесмин... Мен Нурланбек Тургунбекович эмесмин". Спикер ага "ович" деп кайрылбоого чакырды


ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кесиптеши Жанар Акаевге жооп берип жатып, өзүнө "Нурланбек Тургунбекович" деп кайрылбай, "Нурланбек Тургунбек уулу" деп кайрылуу керектигин айтты.


Баары жакшы деңизчи, бирок "ович" мүчөсү таандык экенин билдирүү менен ошол эле учурда субординацияны, сыйды түшүндүрөт.

Ал эми "Тургунбек уулу" деп өзүнүн баласындай жаш депутаттар же катардагы адамдар кайрылса бул төраганын атасына карата сенсирөө эмеспи?

" - Тургунбектин уулу Нурланбек, могу маселени...." деп аксакалдар кайрылса жарашып эле калат.





@kgosho Билип жаша!
04/10/2025, 08:32
t.me/kgosho/1533
KG
OSHO
2 002 subscribers
530
Кыргызстан менен Тажикстан бири-биринин айдоочулук күбөлүгүн тааныйт



Эми эки өлкөнүн жарандары убактылуу же туруктуу жашоого уруксаты бар болсо, кайра экзаменсиз эле айдоочулук күбөлүктөрүн алмаштыра алышат.

Алмашуу жол-жобосу улуттук мыйзамдардын алкагында ишке ашат. Котормосу менен күбөлүктүн түп нускасы, медициналык маалымкат жана башка документтер талап кылынат.

Келишим үчүнчү өлкөнүн сертификаттарынын негизинде берилген лицензияларга жайылтылбайт.

Документ бардык ички жол-жоболор аяктагандан кийин 30 күндөн кийин күчүнө кирет.





@kgosho Билип жаша!
04/10/2025, 06:27
t.me/kgosho/1532
KG
OSHO
2 002 subscribers
712
04/09/2025, 11:33
t.me/kgosho/1531
KG
OSHO
2 002 subscribers
199
04/09/2025, 11:17
t.me/kgosho/1530
KG
OSHO
2 002 subscribers
196
Эми Ош. Шаар мэри Ошко автоунаа менен кирүүгө акы алууну сунуштады


Ош мэри Жеңишбек Токторбаев суткасына шаарга 56 000 автомашина кирерин айтып, жеңил автокөлүктөрдөн 50 сомдон 100 сомго чейин, жүк ташуучу унаалардан 100 сомдон 150 сомго чейин акча алууну сунуштады. Ал мындай жол менен шаардык бюджет айына 60 млн сомго көбөйөрүн айтып, тыгынды чечүүнүн жолу катары билдирди.


Сиз кандай ойлойсуз?

@kgosho Билип жаша!
04/09/2025, 11:06
t.me/kgosho/1529
KG
OSHO
2 002 subscribers
216
Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын Орусия менен биргеликте куруу долбоору жакынкы арада жанданат.

Учурда россиялык адистер менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат деп жазат Sputnik Кыргызстан сайты өлкөнүн энергетика министри Ибраевге шилтеме берүү менен.

"Бизде каржылык маселелер боюнча пикир келишпестиктер болгон, бирок алар кызматташууга тоскоол эмес. Компания каалаган форматта иштөөнү улантууга даяр", - деп кошумчалады "РусГидронун" жетекчисинин орун басары Сергей Мачехин.

Россия менен Кыргызстан каскадды куруу боюнча келишимге 2012-жылы кол коюшкан, бирок 2016-жылы республика аны бир тараптуу токтоткон.

Жалпы кубаттуулугу 238 МВт болгон төрт станцияны куруу пландаштырылган. «РусГидро» менен «Электр станциялары» ААКсынын ар бири 50% акцияга ээ болгон.




@kgosho Билип жаша!
04/09/2025, 10:51
t.me/kgosho/1528
KG
OSHO
2 002 subscribers
242
Соода согушу башталуу алдында турабы? АКШ Кытайга 104% салык киргизди



АКШ Кытайга 104 пайыздык импорттук салык салуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу CNN Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Левитке шилтеме берүү менен билдирди.
Анын айтымында, 9-апрелден тарта Кытайдан импорттолгон товарларга 84 пайыздык кошумча алымдар киргизилет. Ошентип, кытай товарларына жалпы алым 104 пайызды түзөт.

Буга чейин АКШ бийликтери эгер өлкө 8-апрелдин түшкө чейин импорттолуучу америкалык товарларга 34 пайыздык бажы алымдарын жокко чыгарбаса, Кытайга карата бажы төлөмдөрүн көтөрөрүн билдирген. Кытай АКШ белгилеген мөөнөткө чейин алымдарды алып салганын жарыялаган эмес.

Вашингтон АКШ президенти Дональд Трамп 2-апрелде жарыялаган 20 жана 34 пайыздык бажы тарифтерине кошумча Кытай товарларына 50 пайыздык бажы салыгын киргизип жатат. Пекин буга жооп кылып, 34 пайыздык бажы салыгын киргизип жатканын айтып, чарадан баш тарткан жок.

Эске сала кетсек, 2-апрелде Ак үй импорттук бажы төлөмдөрүнүн жаңы системасын киргизген. Базалык ставка бардык импорттук товарларга 10 пайызды түзөт, ал эми айрым өлкөлөр үчүн ал бир топ жогору болот: Кытай үчүн 34 пайыз, Вьетнам үчүн 46 пайыз жана Европа Биримдиги үчүн 20 пайыз.






@kgosho Билип жаша!
04/09/2025, 10:43
t.me/kgosho/1527
KG
OSHO
2 002 subscribers
525
Түрк тилдүү мамлекеттер Түркияга чыккынчылык кылдыбы? Борбор Азия түрктөрү Түндүк Кипрди тааныган жок. Буга Түркия коомчулугу кандай реакция кылууда



2025-жылдын 4-апрелинде Самаркандда Евробиримдиктин жана Борбор Азиянын биринчи саммити өткөн. Ага Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын лидерлери жана Евробиримдиктин жетекчилиги катышты. Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен декларация кабыл алынды, анда өлкөлөр бардык мамлекеттердин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн урматтоо принциптерин жактай тургандыктарын ырасташты.

Негизги жагдай – түрк мамлекеттеринин БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 541 (1983) жана 550 (1984) резолюцияларын колдой тургандыктарын ырастоосу болду. Анда түрк Кипр декларациясы айыпталып, башка өлкөлөрдү да ушундай эле кадамга чакыруусу болду деп жазат түркиялык басмалар.

Мисалы эл аралык журналист жана аскер кабарчысы Арди Зентуркинин бул темадагы комментарийин алалы.

“Мен YouTube каналымда Түркияга жасалып жаткан “геосаясий чабуулду” чыккынчылык деп атадым”,- дейт ал.

"Мен 50 жылдык карьерамда мындайды көргөн эмесмин. Биз чыныгы саясий чыккынчылык менен күрөшүп жатабыз. Бул төрт түрк өлкөсү - Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан - Түркияны Кипрди баскынчы деп атаган Европа, АКШ жана Россия менен биригип, Түрк Киприн тааныбай турганын документке кол коюу менен тастыкташты. Бул эмнеси?”- деп ал түрк тышкы иштер министрине суроо салган.

"Өзбекстан 2024-жылы декабрда Түштүк Кипрди тааныган. Эми алар Түндүк Кипрдин мыйзамсыз экенине макул болушту. Бул кипрлик түрктөр 1974-жылы коргогон түрк улутуна акаарат келтирүү".

«Эгерде бул мамлекеттер Түндүк Кипр Түрк Республикасын четке каккан резолюцияларга кол коюшса, анда Түрк мамлекеттеринин уюму маанисин жоготот, аны жаап эле салыш керек”.

“ – Эмне деп тамашалап жатабыз? Түрк аскерлеринин каны төгүлгөн аралдын башка мамлекеттин аймагы катары таанылышына жол бербейбиз. Бул жөн гана дипломатиялык жаңылыштык эмес, бул чыккынчылык” - деген коментарийлерди окууга болот.




@kgosho Билип жаша!
04/08/2025, 18:34
t.me/kgosho/1526
KG
OSHO
2 002 subscribers
445
14-апрелде Ош шаарында россиялык маданият өкүлдөрүнүн чоң концерти өтөт

14-апрель Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын сахнасында Алтай аймагынан келген артист З.Бабура Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Бүткүл дүйнө, бардык адамдар, бүткүл жер» аттуу жандуу программаны тартуулайт.

Көрүүчүлөрдү заманбап аранжировкадагы согуш жылдарындагы жүрөктөн чыккан ырлар жана жалындаган орус элдик бийлери, тарыхый атмосфера жана жылуу сезимдер күтөт.

Сахнада россиялык “Огонки" бий ансамбли чыгат. Алтай аймагынын "Вечерний" элдик ырлар ансабли өнөрлөрүн тартуулашат.


Концерт 2025-жылдын 14-апрелинде саат 14:00дө Ош Бабур театрында өтөт.

Кирүү акысыз.



@kgosho Билип жаша!
04/08/2025, 15:45
t.me/kgosho/1525
KG
OSHO
2 002 subscribers
438
“Санарип сом” апрелден баштап сынамык иретинде ишке кирмей болду

Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын апрелинин ортосунда накталай жана накталай эмес төлөмдөр менен бирге улуттук валютанын жаңы формасы санариптик сомду тестирлөө башталаарын билдирди.

Санариптик сом – Кыргызстандын расмий санариптик валютасы, анын алмашуу курсу салттуу сом менен бирдей болот. Колдонуучулар акча каражаттарын накталай, накталай эмес жана санарип формалардын ортосунда эркин которо алышат.

Улуттук банктын маалыматы боюнча, санариптик сомду тестирлөө төмөнкү багыттарды камтыган этап менен жүргүзүлөт:

санариптик акча чыгаруу;
санариптик капчыктар ортосундагы которуулар;
мамлекеттик төлөмдөр;
Интернет туташуусуз да жүргүзүлө турган оффлайн төлөмдөр.
Мындан тышкары, санариптик платформа акылдуу контракттарды - системанын катышуучуларынын ортосундагы санариптик макулдашууларды ишке ашырууну колдойт, алар алдын ала коюлган шарттар түзүлгөндө автоматтык түрдө аткарылат.

Эске сала кетсек, 2025-жылдын 20-мартында Жогорку Кеңеш санариптик сомдун мыйзамдуу төлөм каражаты катары укуктук статусун камсыз кылган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү үчүнчү окууда жактырган. Бул жоболор 2027-жылдын январында күчүнө кирет.

Эгер сыноодон ийгиликтүү өтсө 2028-жылдан тарта өлкө аймагында толук кандуу ишке кирери айтылды.




@kgosho Билип жаша!
04/08/2025, 14:38
t.me/kgosho/1524
KG
OSHO
2 002 subscribers
419
Жогорку Кеңештин депутаты айдоочулардан экзамен алууну ЖКККББ инспекторлорунан баштоону сунуштады

Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Русланбек Жакышов жолдон токтотуп айдоочулардан экзамен алууну кайгуул кызматкерлеринен баштоону сунуштады.

Эл өкүлү мындан бир нече жыл мурун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары Ыманалы Саркулов коопсуздук курун туура эмес тагып алганы үчүн шылдыңга алынганын эске салды.


Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2025-жылдын 1-сентябрынан тарта жол эрежесин бузган айдоочулар токтогон жеринде билимин текшерүү тартиби киргизилет.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов белгилегендей, эреже бузган адам эрежени билбесе, айдоочулук күбөлүгү убактылуу конфискацияланып, “Унаа” мекемесине жөнөтүлөт.

Айдоочулар биринчи ирет 500 сом, экинчисинде 1000 ар жолкусунда 500 сомдон көбөйүп отурган тариф менен айып төлөп документин алып кете алат.





@kgosho Билип жаша!
04/08/2025, 14:29
t.me/kgosho/1523
KG
OSHO
2 002 subscribers
526
Байконурдан «Союз МС-27» башкарылган космос корабли менен «Жеңиш ракетасы» учурулду.

Кемеде космонавттар Сергей Рыжиков, Алексей Зубрицкий жана НАСАнын астронавты Жонатан Ким бар. Экипаж орбитада 245 күн болот.

Учуруу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган, ошондуктан «Союз 2.1» өзгөчө аталышка ээ болгон.

«Союз МС-27» корабли Причал модулуна 3 саатта жетет, ал эми МКС менен туташтыруу түштө күтүлүүдө.





@kgosho Билип жаша!
04/08/2025, 09:06
t.me/kgosho/1522
KG
OSHO
2 002 subscribers
514
Муфтият кайрылуу таратты. Анда никаб, паранжа ислам дининде милдет эмес экени айтылган


Муфтияттын тараткан билдирүүсүндө коомдогу коопсуздукту сактоо максатында жүзүн тааныла турган кылып, ачып жүрүү сунушталган.

Муну менен катар эле динде паранжа же никаб милдеттендирилбегени, ал эми хиджап милдеттүү түрдө кийиле турган кийим экени айтылган.

Кыргызстан дин башкармалыгы айрым учурда кара ниет эркек адамдар да жүзүн жапкан паранжалуу аял кийимдерин кийип, терс иштерге барган учурлар бар экенин кошумчалаган.





@kgosho Билип жаша!
04/08/2025, 08:33
t.me/kgosho/1521
KG
OSHO
2 002 subscribers
753
"Жылына 25% кымбаттайт" Өлкөдө карапайым калк үчүн жылуулук тарифин көтөрүү сунушталууда

Мыйзам долбоорун Энергетика министрлиги иштеп чыккан. Анда өлкөдө 222 миң 384 тиричилик абоненти бар экени айтылат. Анда "социалдык багыттагы тарифтин" жарандар 30% га жетпеген бөлүгүн төлөп, калганы мамлекет тарабынан жабылып келгени жазылган.

Жыйынтыгында 2024-жылы 6,1 миллиард сом тартыштык жаралып, жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга 4,3 миллиард сом субсидия берилген.

Келечекте мындай тартыштыктарды болтурбаш үчүн Энергетика министрлиги калкка болгон тарифти көтөрүүнү чечкен.

Ага ылайык, жылына 25% жогорулап, 2028-жылы өздүк чыгымды толугу менен жаба турган тарифте төлөнүп каларын кошумчалаган.



@kgosho Билип жаша!
04/07/2025, 16:21
t.me/kgosho/1520
KG
OSHO
2 002 subscribers
695
"Министрлик мугалимдердин укугун коргогондун ордуна унчукпай отурат". Депутат акыйкатчыны педагогдорго укуктук жактан жардам берүүгө чакырды


ЖК депутаты Дастан Бекешов мугалимдерди ар ишемби сайын көчө тазалоого тартуу туура эмес экенин айтты. Ал мугалимдер жана бала бакча тарбиячылары эл өкүлүнө топ-тобу менен арыз жазып кайрылып жатышканын мисал келтирип, алардын укугун коргоочу министрликтин унчукпай отурганын билдирди.

Бекешов өлкө акыйкатчысы Жамиля Жамангуловага кайрылып, мугалимдердин укугун коргоп берүүгө чакырды. Жамангулова өз кезегинде азырынча кайрылуулар болбогонун, бирок арыз келип түшсө ишти колго аларын убадалады.

Дастан Бекешов 5 күн балдарга сабак берген педагогдор алтынчы күнү да коомдук ишке тартылып, бекер иштегени туура эместигин белгиледи.





@kgosho Билип жаша!
04/07/2025, 15:02
t.me/kgosho/1519
KG
OSHO
2 002 subscribers
790
Чет элдик номерлүү автоунааларды легалдаштыруунун 1-этабына эч ким катышкан эмес


"Унаа" мамлекеттик агенттигинин билдириши боюнча чет элдик номерлүү автоунааларды легалдаштыруу өнөктүгүнүн 1-этабына эч ким катышкан эмес.

Анткени мында документи бар унаалар кабыл алынмак.

2-этабында азырынча бир айдоочу автоунаасын легалдаштырып 10-аймактын номерине ээ болду, деп айтылат маалыматта.




@kgosho Билип жаша!
04/07/2025, 14:57
t.me/kgosho/1518
KG
OSHO
2 002 subscribers
598
Министрлик: "Өлкөдө балдар арасында кызамык азая элек. Жыл башынан бери 5000ге чукул наристе илдетке чалдыгып, 8и каза болду"


Кыргызстанда кызамык боюнча эпидемиологиялык абал тынчсызданууну жаратууда. 1-апрелге карата өлкөдө 4872 учур катталды, анын ичинен 8и каза болду. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Кыргызстанда жуктуруп алгандардын үчтөн бир бөлүгүн бир жашка чейинки балдар түзөт . "Кызамык – эң жугуштуу вирустардын бири. Өлүмгө алып келиши да ыктымал. Ал узакка созулуп, ден соолукту начарлатып, иммундук системаны алсыздандырат, дешет медиктер.

Ак халатчандар балдардын саламаттыгын эмдөө аркылуу сактап калса болорун эскертишет.



"Балаңызга эмдөө жүргүзүү менен сиз аны коргоп эле калбастан, өзүңүздүн жамаатыңыздагы башка балдарды, өзгөчө медициналык себептерден улам эмдөө ала албаган балдарды да коргоого жардам бересиз. Эмдөөлөрдүн коопсуздугу боюнча кооптонуулар болушу мүмкүн экенин түшүнөбүз. Бирок эмдөө бардык керектүү илимий изилдөөлөрдөн өтүп, анын натыйжалуулугун далилдегенин эстен чыгарбоо керек", - деп кошумчалашты дарыгерлер.





@kgosho Билип жаша!
04/07/2025, 12:53
t.me/kgosho/1517
KG
OSHO
2 002 subscribers
576
04/07/2025, 12:35
t.me/kgosho/1516
KG
OSHO
2 002 subscribers
623
04/07/2025, 10:51
t.me/kgosho/1515
KG
OSHO
2 002 subscribers
713
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата медалдын эскизи жарыяланды

Аталган медаль төмөнкү жарандарга ыйгарылат:

📝 СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторундагы согуштук аракеттерге катышкан аскер кызматчылары жана жарандык кызматчылар, СССРдин убактылуу оккупацияланган аймактарында согуш мезгилинде аракеттенген партизандар жана жашыруун уюмдардын мүчөлөрү, согуш мезгилинде СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчылары жана жарандык кызматчылар;

📝 Улуу Ата Мекендик согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка мажбурлап кармоо жайларынын мурдагы туткундары, анын ичинде жашы жете элек балдар;

📝"Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы жана "Блокададагы Ленинграддын тургуну" төш белгиси менен сыйланган адамдар;

📝 Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында тылда жан аябаган эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган адамдар;

📝Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарында эмгек колонналарына (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурланган мобилизацияга дуушар болгон жана кийин реабилитацияланган жарандар.






@kgosho Билип
жаша!
04/07/2025, 07:09
t.me/kgosho/1514
KG
OSHO
2 002 subscribers
675
04/07/2025, 07:08
t.me/kgosho/1513
KG
OSHO
2 002 subscribers
911
Кытайда авария жараткан автоунаанын рулунда ит отурган



Видеодон автоунаа ордунан жылып тосмону жыгытып барып токтогонун көрүүгө болот.

Машинанын жанына киши чуркап келип эшигин ачканда рульда отурган ит түшүп, качып кеткен.



@kgosho Билип жаша!
04/06/2025, 16:11
t.me/kgosho/1512
KG
OSHO
2 002 subscribers
860
🇰🇬Чет элдеги кыргызстандыктардын QR код аркылуу шайлоого катышуусу каралууда

Тиешелүү сунуш Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан киргизилүүдо. Кеп, Жогорку Кеңешке өтүүчү шайлоого тиешелүү. Министрлик бкл бюллетендерди чыгарып, аны чет мамлекеттерге ташуу чвгымын жокко чыгарарын билдирет.


Көп мандаттуу шайлоо системасына өтүү менен шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана жарандардын чет өлкөдө добуш берүүсүндө көйгөйлөр жаралышы мүмкүн.

Ошондуктан, министрлик БШКны шайлоочулардын тизмесине кирүүнү жеткиликтүү кылып берүүгө чакырат.

Жаран добуш берүүгө келгенде анын манжа изи менен биометрикалык маалыматын идентификациялоо сунушталууда.





@kgosho Билип жаш
а!
04/06/2025, 16:05
t.me/kgosho/1511
KG
OSHO
2 002 subscribers
1.2 k
Ысык-Көлдө чет элдик жарандар сейрек кездешкен канаттууларды атып кетишкен

Видеодо Экология министринин өкүлү сүйлөп жатканын угууга болот.

Ал мальталык жарандар Ысык-Көл аймагынан сейрек кездешкен канаттуулардын 7-8 түрүн атып алышканын, бажы кызматкерлери аларды кармап, Экология министрлигине откөрүп бергенин айтат.



@kgosho Билип жаша!
04/05/2025, 16:44
t.me/kgosho/1510
KG
OSHO
2 002 subscribers
754
“Атың чыкпаса жер өрттө” же Соростун “гонорарын сагынган блогер


Өлкөдө Батыштын акчасын “актагысы” келип, бөрк ал десе баш алган блогерлер көбөйгөндүгүнө байланыштуу атайын мыйзам да кабыл алынган.

Бирок Соростун акчасына кардын кампайтып көнүп калган Айтилек Орозбеков атың чыкпаса жер өрттө деп, коомдук жайларды кыдырып өлкөнүн расмий тилине “тийишиптир”.

Ушундай кыргыз тилин, кыргыздарды уят кылгандар качан токтойт.

Эне тилди даңазалоо үчүн камераны көтөрүп алып ишкерлерге тийишпей, жок эле дегенде кыргыз тилинде мыкты сүйлөгөндү үйрөнүп алышса.


@kgosho Билип жаша!
04/04/2025, 17:29
t.me/kgosho/1509
KG
OSHO
2 002 subscribers
689
УКМК жүзүн жаап коомдук жайларда жүрүүгө тыюу салынганын билдирип, 20 000 айып пул салынарын эскертти


УКМК Дин тутунуу боюнча мыйзамга кирген өзгөртүүлөрдүн алкагында Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда түшүндүрүү иштери жүргөнүн кабарлады.

Анда "паранжа", "никаб" жана башка жүзүн жапкан кийимдерди коомдук жайда кийүүгө тыюу салынганын жарандарга жеткиришкен.


Маалыматта мындай көрүнүштөргө мыйзам боюнча 20 000 сом айып салынары айтылат.




@kgosho Билип жаша!
04/04/2025, 10:14
t.me/kgosho/1508
KG
OSHO
2 002 subscribers
679
7-апрелде Эркиндик бульварында "Жеңиш адабияты" аталышындагы көргөзмө өтөт


Борбор калаада Эркиндик бульвары менен Бөкөнбаев көчөсүнүн кесилишинде 7-апрель күнү саат 15:00дө “Жеңиш адабияты” аттуу көргөзмө болот. Ага Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда жазылган күндөлүктөр, ЖМКларга чыккан материалдар, сүрөттөр жана көптөгөн кызыктуу документтер коюлат.

Баары кыргыз жана орус тилдеринде көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн куратору атактуу орус тарыхчысы, маданият таануучу жана педагог Анна Эспарза болмокчу.

"Мен үчүн дүйнөнүн ар кайсы шаарларында өткөн 100дөн ашык көргөзмөлөрдүн автору катары бул долбоорду Бишкектин борборунда – анын тургундары Улуу Жеңишти жакындатууга зор салым кошкон шаарда көрсөтүү өзгөчө кубанычтуу", - деп белгиледи көргөзмөнүн автору.

Көргөзмө саат 15-00дө башталат.







@kgosho Билип жаша!
04/04/2025, 08:06
t.me/kgosho/1506
KG
OSHO
2 002 subscribers
121
Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата медаль чыгарылат


"1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы" бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби бекитилди. Документ КМШнын бирдиктүү юбилейлик медаль уюштуруу жөнүндөгү чечимин ишке ашыруу максатында даярдалган.




@kgosho Билип жаша!
04/04/2025, 07:33
t.me/kgosho/1505
KG
OSHO
2 002 subscribers
154
04/04/2025, 07:13
t.me/kgosho/1504
KG
OSHO
2 002 subscribers
621
04/03/2025, 14:17
t.me/kgosho/1503
KG
OSHO
2 002 subscribers
621
04/03/2025, 14:17
t.me/kgosho/1502
KG
OSHO
2 002 subscribers
407
Кыргызстанда "Фронт линиясындагы жоруктар. Улуу Жеңиш тууралуу 80 окуя" деген аталыштагы китеп жарык көрдү


Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган китептин автору кыргыз журналисти Иван Марченко. Китепте автордун 2010-2025-жылдар аралыгында жазган макалаларынын жыйнагы топтолгон.

Иван Марченко өзүнүн журналисттик ишмердүүлүгүндө Улуу Ата Мекендик согуш тууралуу 150дөн ашуун материал даярдаган. Китепке алардын мыкты делген 80и кирди. 80 окуя кан күйгөн согуштун катышуучуларынын, тылдын күжүрмөн эмгекчилеринин жана Ленинград блокадачылары менен болгон интервью, очерктерди камтыйт.

Мындан сырткары Жеңиштик параддар, жөө жүрүштөрдөн чагылдырылган репортаждар, сүрөттөр кошулган. Китепке кирген материалдардын көпчүлүгү автор мурда иштеген ЖМКларга жарыяланган.

Ал эми атайын китеп үчүн жаңы 4 окуя жазылып, кошулган.

Иван Марченко аталган китептин бир нече нускасын өлкөнүн ЖОЖдоруна берерин, калган китептер окуялардын каарманы болгон ардагерлердин урпактарына таратыларын блдирди.




@kgosho Билип жаша!
04/03/2025, 14:16
t.me/kgosho/1501
KG
OSHO
2 002 subscribers
348
Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3000 ден ашты


Мьянмадагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3085ке жетип, жаракат алгандардын саны 4715ке жеткенин CGTN жергиликтүү бийликтерге таянуу менен билдирди.


Буга чейин Таиланддын Метеорология департаменти 28-марттан бери Мьянмада болгон жер титирөөдөн кийин 100дөн ашык афтершиокту каттаганы белгилүү болгон.Бирок кырсык Мьянмада төрт жылдан бери уланып жаткан жарандык согушту токтото алган жок, деп билдирет Reuters. Аскердик хунта 2-апрелден 22-апрелге чейин созула турган убактылуу ок атууну токтотууну жарыялады Ок атышпоо өлкөнүн жер титирөөдөн калыбына келишине көмөктөшүүгө багытталган.

Эске салсак, 28-мартта Мьянмада күчү 7,7 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон.





@kgosho Билип жаша!
04/03/2025, 14:01
t.me/kgosho/1500
KG
OSHO
2 002 subscribers
314
Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон мыйзам долбоору кабыл алынды. Эми керектөөчүлөрдүн укугу бузулган учурда айып 3 эсеге жогорулады



Жогорку Кеңештин депутаттары Кылмыш-жаза кодексине, Жазык-процесстик кодексине, “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Электрондук соода жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кабыл алышты.

Демилгечи Министрлер кабинети.

Бийлик мыйзам долбоору менен электрондук коммерция чөйрөсүн жөнгө салууга жана Кыргызстандагы электрондук соода чөйрөсүн жакшыртуунун каражаты катары керектөөчүлөрдүн укугун коргоого ниеттенүүдө.

Белгиленгендей, керектөөчүлөрдүн ишениминин жогорулашы электрондук транзакциялар аркылуу өз кирешелерин тартууга жана көбөйтүүгө жөндөмдүү ишкердик субъекттеринин санын көбөйтүүгө шарт түзөт.

Мындан тышкары, мыйзамдын максаты эл аралык стандарттарга жооп берген сатуучулардын санын арбытуу жана чет элдик электрондук рынокторго жол ачуу болуп саналат. Мыйзам долбоору Кыргызстандын рыногун интернационалдаштырууга жана чет элдик инвестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк түзөт, деп айтылат маалыматта.

Мыйзам долбоорунда ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын бузгандыгы үчүн айыпты үч эсеге көбөйтүү каралган.





@kgosho Билип жаша!
04/03/2025, 13:50
t.me/kgosho/1499
KG
OSHO
2 002 subscribers
305
Кыргызстанда Россиянын 35 университети катышкан билим көргөзмөсү өтүүдө



Россиялык ЖОЖдор жыл сайын Кыргызстанга келип, билим көргөзмөсүн уюштурушат. Быйыл да иш-чара Бишкекте, Кантта, Кара-Балта менен Чолпон-Атада өтөт.

Университеттердин программалары менен магистрант, аспиранттар да тааныша алат. Россиялык ЖОЖдордо окууну каалагандар ал жерден сынамык тесттен өтүп, кеп-кеңеш ала алышат.




@kg Билип жаша!
04/03/2025, 13:40
t.me/kgosho/1498
KG
OSHO
2 002 subscribers
341
"Билим берүү министрлиги кызматтан кетет деген маалымат чындыка дал келбейт" Мындай билдирүүнү президенттин аппаратынын басма сөз кызматынын жетекчиси таратты


Эсиңиздерде болсо кечээ биз Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева кызматынан кетип жаткандыгы тууралуу маалымат жазып, ага министрдин өзүнүн арызы делген документти тиркегенбиз.

Бул маалымат менен бир топ жалпыга маалымдоо каражаттары да бөлүшкөн. Коомчулукта "туура чечим болду", "балдардын убалына калбай мурда эле кетиши керек болчу", "күндүн мыкты жаңылыгы" деген сыяктуу коментарийлер тараган.

Андан соң кабминдин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков маалыматтын фейк экенин билдирип пост жазды.



Эсиңиздерде болсо буга чейин да өлкөдө мындай маалыматтык "өрдөктөр" болуп келген. алыс барбай эле кечээги Максим Бакиевдин же Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келиши тууралуу тараган сөздөрдү алсак. Фейк фабрикасын "жогорку деңгээлде" башкарып келген Дайырбек Орунбеков өзү ушундай "өрдөктөрдү учуруп" коомчулуктун реакциясын текшерип жаткан жокпу деген суроо жаралат 😉





@kgosho Билип жаша
!
04/03/2025, 13:15
t.me/kgosho/1497
KG
OSHO
2 002 subscribers
363
Балаңыз быйыл 1-класска барабы? Анда бул эреже сиз үчүн


Министрлик башталгыч класска кабыл алынчу балдар эмдөөдөн өтпөгөн болсо мектепке кабыл алынбай турганын айтты. Электрондук каттоодон өтүп, мектептен орун алып койгонуңуз менен балаңыз менен кызыңыз тиешелүү эмдөөлөрдөн өткөн эмес болсо, мектеп кабыл албайт, дейт министрлик.


Баса, баланын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу маалыматты кагаз түрүндө, 15-августтан кийин мектептин админстрациясына алып барып тапшыруу керек.






@kgosho Билип жаша!
04/03/2025, 13:04
t.me/kgosho/1496
KG
OSHO
2 002 subscribers
726
"Чоң Турандын" кичинекей күйөрмандары үчүн кызыктуу материал


"САЛАМ КЫРГЫЗСТАН" каналы бүгүн мына ушундай кызыктуу маалымат менен бөлүштү.

Анда 17-кылымдын башында Осмон империясынын султандарында түрк гендери дээрлик болгон эмес, - деп айтылат.


200 жылдан ашуун европалык жана кавказдык кыздарга үйлөнүү Осмон империясынын башкаруучуларынын арасында түрк генинин болушун дээрлик жокко чыгарган.

19-кылымда черкес, грузин жана абхаз келиндери үстөмдүк кылган (демек, алардын урпактарынын гендери)

Ал эми 17-18-кылымдарда грек, орус жана серб улуттарыныкы.




@kgosho Билип жаша!
04/02/2025, 17:43
t.me/kgosho/1495
KG
OSHO
2 002 subscribers
625
Кыргызстанга кытайлык жөө күлүктөр келип чуркашат


Кыргызстанда биринчи жолу эл аралык марафон өтөт . Анда кытайлык жөө күлүктөр, блогерлер, жада калса журналисттер Бишкектен Ысык-Көлгө чейин чуркашат.


Марафондун максаты Кыргызстандын имиджин көтөрүү, туристерди тартуу, деп айтылат маалыматта. Марафонго 1000 жөө күлүктүн катышуусу күтүлүүдө.

Бул кадам “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагында кызматташууну бекемдөө стратегиясында өтүп жатат.






@kgosho Билип жаша!
04/02/2025, 10:57
t.me/kgosho/1494
KG
OSHO
2 002 subscribers
377
"Жолдорду кеңейтүүдө өлкөдө айылдар толугу менен сүрдүрүлүп жаткан учурлар болуууда" Депутаттар өкмөттү жеке менчикке абайлап мамиле кылууга чакырды


Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жийде айылы жолдорду кеңейтүү токтомунун негизинде толугу менен сүрдүрүлгөнү турат. Аталган айылда 152 түтүн жашайт, деп билдирди ЖК депутаты Сүйүн Өмүрзаков.

Ал эми депутаттын кесиптеши Элдар Сулайманов Чоң Алай районундагы Дароот-Коргон айылын аралап, Тажикстанга алып барчу жолду кеңейтүүнүн натыйжасында 300 үй толугу менен же жарым-жартылай буздурула турганы тууралуу маалымат алганын кошумчалады.

Эл өкүлү бул жашоочулар жашап жаткан тамдарына документти 1969-жылы эле алганын айтып, аймакта элдин жашоо шарты төмөн экенин белгилеп, сүрдүрүлчү үй ээлерине өкмөттү кемтеме төлөп берүүгө чакырды.

Буга чейин төрага Нурланбек Тургунбек уулу да аймактарда айыл өкмөтү, акимдер жолдорду кеңейтебиз деп, жай тургундардын менчигин каалагандай калчап сүрдүртүп жатышканын айтып, элди дүрбөлөңгө салбоого чакырган болчу.


Сиз билген дагы кайсы айылдарда ушундай көрүнүштөр орун алууда?






@kgosho Билип жаша!
04/02/2025, 10:39
t.me/kgosho/1493
KG
OSHO
2 002 subscribers
339
Бизге жеткен маалыматтар боюнча Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева ээлеген кызматынан бошотулду.

Эми ким министр болот деп ойлойсуз?




@kgosho Билип жаша!
04/02/2025, 10:26
t.me/kgosho/1492
KG
OSHO
2 002 subscribers
337
🇰🇿��🇳 Казакстан менен Кытай Астананы суу менен камсыздоо боюнча ири долбоорго кол коюшту

Казакстан менен Кытай, Казакстандын борбор калаасын суу менен камсыз кылуу боюнча келишимге кол коюшту . Ага ылайык К.И. Сатпаев №4 насостук-фильтрлөөчү станциянан Астана шаарына чейин суу менен камсыздоочу түтүк курулат. Салтанаттуу иш-чарага Казакстандын биринчи вице-премьер-министри Роман Скляр жана Кытайдын элчиси Хань Чунлин катышып, эки өлкөнүн кызматташуусунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Долбоор Астананы ишенимдүү суу менен камсыздоочу 203,06 км узундуктагы суу түтүгүн (эки параллель линия) курууну карайт. Бул шаардын коммуналдык тармактарын жаңылоого, сууга болгон суроо-талапты көтөрүүгө жана мындан аркы экономикалык жана социалдык өсүштүн пайдубалын түзүүгө мүмкүндүк берет.

Иш 2025-жылдын апрель айында башталат.

Турак жайлардын көбөйүшүнөн улам Астанада суу керектөө бир жылда 12%га көбөйүп, долбоор өзгөчө актуалдуу болуп турат.

Келишим экологиялык стандарттарды жана алдыңкы инженердик чечимдерди тыкыр эске алуу менен казакстандык жана кытайлык адистер тарабынан биргелешип иштелип чыккан. Ишке ашыруу дүйнө жүзү боюнча ушундай объектилерди түзүү боюнча чоң тажрыйбасы бар "China Energy International Group" жана анын туунду "China Gezhouba Group Company Ltd" компанияларына тапшырылган.

Подрядчылар салттуу ыкмаларга салыштырмалуу станцияны орнотууну 20% тездетүүчү модулдук технологияларды колдонууну пландаштырууда.






@kgosho Билип ж
аша!
04/02/2025, 10:22
t.me/kgosho/1491
KG
OSHO
2 002 subscribers
336
"Суу тармагында өзүнчө министрлик түзүү керек". Депутат суу колдонууга өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады



ЖК депутаты Гуля Кожокулова суу колдонууга электр тармагы сыяктуу эле өзгөчө кырдаал киргизүүнү сунуштады.


Ал соңку учурларда суу көйгөйү бир эле Кыргызстанда эмес, коңшу өлкөлөрдө жалпы Борбор Азияда көйгөйгө айланып бара жатканына токтолуп, өзүнчө министрлик түзүү керектигин айтты.

Депутат айым Казакстан, Өзбекстан сыяктуу Россиянын жардамы менен атомдук электр станциясын куруп, суу тартыштыгынын алдын алууга чакырды.




@kgosho Билип жаша!
04/02/2025, 10:10
t.me/kgosho/1490
KG
OSHO
2 002 subscribers
835
Бүгүнтөн тарта чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу өнөктүгү башталды. Ал 1-октябрга чейин уланат.


Ушул жылдын 1-апрелинен тартып күчүнө кирген эреже, 1-октябрга чейин иштейт. Андан соң күчүн жоготот.

Биз төмөндө сиздерге чет элдик номерлүү унааларды легалдаштырууга керектелчү документтердин тизмесин жарыялайбыз;

✍ аккредитациядан өткөн лаборатория тарабынан берилген транспорттун коопсуздугу тууралуу күбөлүк;
✍унааны сүрөткө тартуу менен визуалдык кароо жүргүзүлөт;
✍ белгиленген формадагы арыз;
✍ айдоочунун паспорту;
✍ бар болсо транспорт каражатынын каттоо күбөлүгү;
бар болсо транспорт каражатына менчик укугун ырастоочу документ;
✍ транспорт каражаты издөөдө эмес, күрөөгө коюлбаган, үчүнчү жактар талашып-тартышпаган, камакка алынбаган жана такси катары пайдаланылбагандыгы жөнүндө милдеттенме;
✍ чек арадан өткөндүгү тууралуу күбөлүк. Ал жок болсо транспорт каражатын ташып келүү күнү 2024-жылдын 31-декабры болуп эсептелет;
✍ каттоо үчүн төлөнгөн жыйымдардын квитанциялары, атайын бланктар жана каттоо белгилери;
✍ мыйзамдаштыруу үчүн 100 миң сом төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.


Легалдашкан автоунааларды Кыргызстандан сыртка сатууга мүмкүн эмес жана такси кызматында иштетүүгө болбойт. Аларга 10-аймак катары номер ыйгарылат.




@kgosho Билип жаша!
04/01/2025, 12:49
t.me/kgosho/1489
KG
OSHO
2 002 subscribers
576
"Торугарт", "Эркечтам" өткөрүү пунктары убактылуу жабылат

4-апрелде Кыргызстан - Кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрүү пунктары жабылат. Бул жабылуу ажарандардын жана жүк ташуучу унаалардын өтүшүн чектейт.

Өткөрмө пунктары Кытай тараптын демилгеси менен катардагы майрамдарынын бирине тиешелүү 1 суткага жабылып жатат. 5-апрелден баштап кайрадан штаттык режимде ишин улантат.




@kgosho Билип жаша!
04/01/2025, 12:40
t.me/kgosho/1488
KG
OSHO
2 002 subscribers
569
Казакстанда никабчан кыздар арабча жазуусу бар желек менен сүрөткө түшүп, айыпка жыгылышты


Казакстанда араб жазуусу бар өлкөнүн желегин кармап турган никабчан кыздардын сүрөтү боюнча жаңжал чыкты. Жергиликтүү бийлик мамлекеттик символдорду мазактоо беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Атырау муз сарайында тартылган казак желеги кылыч жана шахаданын сүрөтү менен толукталган. 4 шектүү кармалды, алардын бири 16 жашта. Алар айып пул төлөшөт, коомдук ишке тартылышат же түрмөгө кесилип кетиши да мүмкүн.





@kgosho Билип жаша!
04/01/2025, 12:19
t.me/kgosho/1487
KG
OSHO
2 002 subscribers
512
Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Алтайлык маданият өкүлдөрү Бишкекте концерт берет



Алтай аймагынын мамлекеттик филармониясынын "Огонки" жана элдик ырлар "Вечерки" орус бий ансамблдери Орто Азия боюнча эки жумалык гастролго чыгышты. Тажикстанда, Өзбекстанда жана Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Бүткүл дүйнө, бүт эл, бүт жер» программасын тартуулашат. Бул тууралуу губернатор Виктор Томенко өзүнүн Telegram каналында билдирди.

"Жеңиш - көптөгөн өлкөлөрдү, мамлекеттерди, элдерди, миллиондогон адамдарды бириктирүүчү тема. Концерттик программа тарыхый фактыларга жана сүрөттөргө, согуш жылдарындагы ырларга негизделген. "Гастролдо болгон ар бир шаарга программада жергиликтүү артисттердин концерттик номерлери кошулат", - деп жазды ал.



Алтайлык маданият өкүлдөрүнүн туру жергиликтүү бийлик жана РФнын Маданият министрлиги тарабынан уюштурулуп жатат.





@kgosho Билип жаша!
04/01/2025, 11:47
t.me/kgosho/1485
KG
OSHO
2 002 subscribers
521
"Аттракциондон кулаган кыз коопсуздук эрежелерин толук сактабай койгон". Мэрия иш иликтөөгө алынганын билдирди



Кечээ борбор калаадагы Панфилов паркында 19 жаштагы кыз аттракциондон кулап кеткен. Дарыгерлер анын учурдагы абалы оор экенин айтышууда. Парктын админстрациясы башы жарылган кызга кетчү бардык медициналык чыгымдарды төлөп берерин билдирди.


Ошондой эле администрация аттракционду иштетер алдында кызга бутун темирден чыгарбоону бир нече ирет эскерткенин, бирок ал аны аткарбаганын айтты.


Ал эми шаар бийлиги болсо буга чейин парктын админстрациясы менен аттракциондорду коопсуз абалга келтирүү боюнча бир нече ирет сүйлөшүүлөр жүргөнүн белгилеп, учурда техникалык текшерүүлөр уланып жатканын, окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.






@kgosho Билип жаша!
04/01/2025, 11:33
t.me/kgosho/1484
KG
OSHO
2 002 subscribers
1.0 k
03/31/2025, 09:53
t.me/kgosho/1483
KG
OSHO
2 002 subscribers
352
Советтер Союузунун баатыры Калыйнур Усенбеков.


(1921-2003)




@kgosho Билип жаша!
03/31/2025, 08:51
t.me/kgosho/1481
KG
OSHO
2 002 subscribers
330
03/31/2025, 08:48
t.me/kgosho/1480
KG
OSHO
2 002 subscribers
302
"Түндүк" тиркемеси жаңыланып, аттестаттан баштап бир топ документтер кошулат



Санариптик өнүктүрүү министри Азамат Жаманкуловдун айтымында "Түндүк" тиркемесинин дизайны толугу менен өзгөрөт. Ошондой эле, аттестат, аскердик билет жана диплом тиркеме аркылуу пайдаланчу документтердин катарын толуктайт.


Министр мындан сырткары башка да документтер кошулушу мүмкүндүгүн, тиркемени мындай өзгөрүүгө толугу менен алып келүүгө 1 жылдай убакыт кетерин айткан.





@kgosho Билип жаша!
03/31/2025, 08:34
t.me/kgosho/1479
KG
OSHO
2 002 subscribers
330
🇰🇬🇹🇯🇺🇿Тажикстанда 3 өлкө лидерлери катышкан саммит өтүүдө. Анда кыргыз-тажик, кыргыз-өзбек чек аралары боюнча документтерге кол коюлат



Садыр Жапаров Тажкстандын Кожент шаарына учуп барды. Аны аэропорттон Эмомали Рахмон тосуп алган.

Тараптар бүгүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан катышкан саммит алкагында үч өлкө ортосундагы чек аралар боюнча жетишилген документтерге кол коюшат.


Мындан сырткары Кыргызстан президенти Садыр Жапаров менен Тажикстан президенти Эмомали Рахмон CASA-1000 долбоорунун алкагында эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктире турган "Датка — Согд" электр линиясын ишке киргизди.


Долбоордун алкагында Кыргызстан менен Тажикстан, Пакистан менен Афганистанга электр энергиясын экспорттойт.






@kgosho Билип
жаша!
03/31/2025, 08:28
t.me/kgosho/1478
KG
OSHO
2 002 subscribers
847
Айт маарек болсун!



Урматтуу @kgosho! каналынын окурмандары. Сиздерди жамаатыбыздын атынан Орозо Айт майрамы менен куттуктайбыз!


Ар бириңиздерге ден соолук, жалпыңыздарга бакубат жашоо калоо менен биздин каналга катталганыңыздарга ыраазычылык билдиребиз.



Бардык биздин окурмандарыбызга Орозо Айт майрамы береке алып келсин!





@kgosho Билип жаша!
03/30/2025, 12:42
t.me/kgosho/1476
KG
OSHO
2 002 subscribers
549
03/30/2025, 12:37
t.me/kgosho/1474
Search results are limited to 100 messages.
Some features are available to premium users only.
You need to buy subscription to use them.
Filter
Message type
Similar message chronology:
Newest first
Similar messages not found
Messages
Find similar avatars
Channels 0
High
Title
Subscribers
No results match your search criteria