Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 24-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт.
Күндүз Ысык-Көл, Чүй, Нарын, Ош облустарында жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
АБАНЫН ТЕМПЕРАТУРАСЫ:
Чүйдө түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24; Таласта түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25; Ысык-Көлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +11…+16;
Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +9…+14; Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +7…+9, күндүз +21…+23 градус жылуу.